Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Кытайда июнь айында экспорт 3,1% төмөндөдү


Кытайда июнь айында былтырга салыштырмалуу товар экспорттоо 3 проценттен көпкө азайды. Эксперттер экспорт 3, 7 процентке өсөт деп жоромолдоп жатышкан. Бүгүн Кытай өкмөтү жарыялаган билдирүүгө караганда, июнь айында тыш өлкөлөргө 174 миллиард долларга товар сатылса, тыштан 147 миллиард долларга товар алып келинген. Бул өткөн жылга салыштырганда 0, 7 процентке аз.

Расмий маалыматта тышкы сооданын начарлашы - дүйнөлүк базардагы талаптын азайышы, чет элдик валютанын наркынын өсүүсү жана Кытайда жумушчу күчүнүн кымбатташы менен түшүндүрүлөт. Бүгүн Кытайдын маалымат булактары өкмөт башчысы Ли Кэцяндын “экономикалык өсүш, жумушсуздук жана башка көрсөткүчтөр төмөнкү лимиттен ылдый түшпөө керек, инфляция өйдөңкү чектен ашпоо керек” деп айткан сөзүн кабарлашты.

XS
SM
MD
LG