Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:50

Орусия: Магнитскийге өкүм чыгат


Бүгүн Москванын Тверь соту Сергей Магнитскийдин иши боюнча өз өкүмүн чыгарат. Анда тергөө абагында 2009-жылы каза тапкан юрист Магнитскийге “салык төлөөдөн” баш тарткан деген айып коюлууда. Бул жараян Орусиянын тарыхында айыпкердин көзү өткөнүнө карабай өтүп жаткан алгачкы соттук иш.

Британиялык Hermitage Capital фондунун юристи Сергей Магнитский 2008-жылы "салык төлөөдөн качкан" деген айып менен камакка алынып, 37 жашында абакта каза тапкан. Анын жактоочулары муну саясий буйруктун негизинде даярдалган иш деп билдирип келишет. Анткени ага чейин ал Орусиянын ички иштер министрлигинде, Федералдык коопсуздук кызматында мамлекеттик ири каражаттардын уурдалышынын бетин ачкан. Мамлекеттик айыптоочулар соттон Магнитскийге карата кылмыш ишти кыскартууну, ал эми анын жетекчиси Hermitage Capital фондунун төрагасы Уильям Браудерди 9 жылга кесүүнү суранды.

Юристтин өлүмү АКШ менен Орусиянын мамилесинин начарлашына себеп болду. АКШ сенаты былтыр декабрда атайын мыйзам кабыл алып, Сергей Магнитскийдин өлүмүнө тиешеси бар делген орусиялык аткаминерлерге АКШ аймагына кирүүгө жана финансылык операцияларды ишке ашырууга чектөө койгон. Буга жооп катары Орусия америкалык жарандарга орусиялык жетим балдарды багып алууга тыюу салган мыйзамды кабыл алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG