Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:18

Панфиловчулар эскерилет


Бүгүн Бишкектеги Панфилов сейил багында Советтер Союзунун Баатыры Иван Панфиловдун 120 жылдыгына жана ал жетектеген 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын түзүлгөнүнүн 72 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бул иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, коомдук ишмерлер, студенттер катышат. Анда панфиловчулардын Ата Мекендик согуштагы эрдиги эскерилип, эстеликтерине гүлчамбар коюлат. Ушундай эле иш-чара 12-июлда Токмок шаарында да уюштурулат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG