Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:12

ӨКМ: Селден жабыркаган жолдор тазаланууда


Жалал-Абад жана Баткен облустарында селден жабыркаган жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, Таш-Көмүр шаарында кечээ түштөн кийин нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек - Ош унаа жолунун 448-чакырымында, Аксы - Келгис чегинде жол каттамдын оң жагын 30 метрлик сел суусу жеп кеткен. Жол каттамы бир тарапка ачык. Ал эми Баткендин Кадамжай районундагы Кызыл-Коргон айылындагы селден 200 метрлик ички чарбалык унаа жолдун айрым жерлери кум-шагылга толгон. Жол каттамы ачык, унаалар кыйынчылык менен өтүүдө. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG