Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:45

Коррупцияга каршы күрөш үчүн адис даярдоо борбору ачылат


Экономика министрлиги Кыргызстанда коррупцияга каршы иштөөчү адистерди даярдай турган окуу борборун ачууну пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте эл аралык донорлор менен жолугушууда министр Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, коррупция улам өзгөрүп туруу жөндөмүнө ээ болгондуктан, бул көрүнүштү изилдөө керек. Ачыла турган окуу борбордо изилдөө жана окутуу иши жүргүзүлмөкчү.

Бул күндөрү Бишкекте кыргыз өкмөтү эл аралык донорлор менен жыйын өткөрүүдө. 2017-жылга чейин деп иштелип чыккан Туруктуу өнүгүү стратегиясын ишке ашырууга каражат сурап жатат. Донорлор 2 миллиард доллар берилээрин, бирок ал үчүн коррупцияны жоюу, мамлекеттин чыгашасын азайтуу, инвестициялык шартты жакшыртуу талап кылынаарын айтты.

Адистердин айтымында, жыл сайын Кыргызстан коррупциядан 700 миллион долларлык чыгым тартат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG