Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:55

Бишкекте Транзиттик борбор боюнча кыргыз-америка сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат


Бишкекте "Манас" аба майданындагы Транзит жүк ташуучу борбор боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул үчүн, Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, АКШдан атайын топ келди.

“Манастагы” Транзит борбор жөнүндөгү кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга 2009-жылы 22-июнда кол коюлган. Быйыл 26-июнда Кыргызстан аны бир тараптуу денонсациялады. Эми Транзит борбор 2014-жылдын декабрында эмес, андан жарым жыл эрте чыгарылышы керек.

Транзит борбор аркылуу НАТОнун Ооганстандагы антитеррордук операциясына катышкан учактар тейленет. "Манас" аба майданын ижарага алганы үчүн АКШ өкмөтү Кыргызстанга жылына 60 миллион доллар төлөйт. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG