Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

Талас: Жамбылга кетчү сугат суу дагы эле буулуп турат


Таласта, кыргыз-казак чек арасында, Казакстанды көздөй кеткен сугат каналдын суусу дагы эле буулуп турат. Бул тууралуу "Азаттыкка" жергиликтүү активист Расул Насирдинов кабарлады. Анын айтымында, суу тоскондор мурункудай эле чек ара өзөн бойлото бөлүнүүсүн, коңшу өлкөнүн кыргыз тарапка кирип турган 13 чакырым шынаасынын алынышын талап кылууда.

Бул канал 7-июлда буулган. Андагы суу чек араны бойлой бош агып талаага сиңип кетип жатат.

Жергиликтүүлөр өкмөттөн кыргыз-казак чек арасындагы коңшу өлкөгө өтүп кетти делген 4,5 миң гектар жерди кайтаруу талабын коюп жатат. 8-июлда нааразы болгондорго вице-пемьер министр Токон Мамытов барып ал жер 2001-2008-жылдары эки өлкөнүн парламенттери тааныгандан кийин такталганын айткан болчу. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG