Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

“Ата Мекен” талап-тоноочулук боюнча президентке кайрылуу жолдойт


Бул тууралуу аталган партия төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” маегинде билдирди. Анын айтымында, “Ата Мекендин” депутаттарын талап-тоноочулукка айыптаган кылмыш ишин тергөө үчүн берилген мөөнөт 20-июлда аяктайт. Белгиленген мөөнөткө чейин ишти иликтөө үчүн түзүлгөн тергөө тобу өз корутундусун жарыялашы керек. Анын жыйынтыгына жараша “Ата Мекен” партиясы президент Атамбаевге кайрылуу жолдойт.

-Мен анда “мырза президент сиз алдамчы Юсупов мененсизби же үзөңгүлөш “Ата Мекен” мененсизби деп жарыя кылам. Азыркыга чейин биз президентке мындай кайрыла элекпиз. Анткени акыркы бир жылдан бери президент үчүнчү ирет бул боюнча тапшырма берди, төртүнчү тергөө иши уланып атат- деп билдирди Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка”.

Белгилүү болгондой, мурунку ички иштер министри, Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевдин жаңы жүйөлөрүнө байланыштуу май айында Башкы прокуратура 2010-жылы апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча кылмыш ишти кайра жандандырган. Учурда мекемелер аралык тергөө тобу “Ата Мекен” партиясынын айрым депутаттары мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-мүлкүн талап-тоноого тиешеси бар же жоктугун иликтөөдө.(BkA\GA)

XS
SM
MD
LG