Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Токтонасыров өзбек элчилигинин алдында акциясын улантат


Бул тууралуу укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыкка” кабарлады. Анда ал мурдагыдай эле Кадамжайда кыргызстандык жаранды атып өлтүргөн өзбек чек арачысын жазага тартууну, маркумдун үй-бүлөсүнө материалдык компенсация төлөөнү талап кылат. Укук коргоочу буга чейин элчилик жана БУУнун Бишкектеги өкүлчүлүгү алдында ушул эле талап менен бир нече ирет акция өткөргөн. Бирок өзбек элчилиги буга эч кандай жооп билдирген эмес. Буга байланыштуу бүгүнкү акцияда талаптарды өзбек тилинде жазып чыгат.

19-июнь кечинде Баткендин Гүлпиян айылында Өзбекстандын чек арачылары 37 жаштагы Бакыт Тагаевди атып өлтүргөн. Буга байланыштуу Кыргызстан Өзбекстанга нааразылык нотасын жолдогон. Бирок өзбек тарап кыргыз жараны чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн ок атылганын билдирип жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG