Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:39

ШКУнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт


13-июлда Чолпон-Атада Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин жыйыны башталат. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлагандай, жыйында быйыл күзүндө Бишкекте өтө турган ШКУнун өлкө башчыларынын саммитине даярдыктар талкууланмакчы.

Шанхай кызматташтык уюму 1996-жылы түзүлгөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Иран, Индия, Монголия, Пакистан жана Ооганстан уюмда байкоочу макамына ээ.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG