Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Майлуу-Суу электр лампа заводун өкмөт сатып албайт


Банкрот деп жарыяланган Майлуу-Суудагы электр лампа заводун өкмөт сатып алуудан баш тартты. Бул тууралуу Экономика министрлигинин алдындагы банкрот иштери боюнча департаменттин башчысы Болсунбек Казаков билдирди. Анын айтымында, завод боюнча түзүлгөн атайын комиссия анын наркын 889 миллион сом деп баалап, өкмөткө сатып алуу сунушун жолдогон. Өкмөт бул сунуштан баш тартып, ага инвесторлорду чакырууга макулдук берди. Эми завод аукционго чыгарылып, атайын конкурстун негизинде сатылат.

Майлуу-Суудагы электр лампа заводу 2009-жылы банкрот деп жарыяланган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG