Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:51

Европадагы каржылык кризис демографиялык көрсөткүчтү төмөндөттү


2008-жылкы глобалдык кризистин кесепетинен Европада балдардын төрөлүшү азайганын атайын иликтөөлөр тастыктайт. Германиядагы Макс Планка атындагы демографиялык институтунун окумуштуулары Европанын 28 өлкөсүндө төрөттүн көрсөткүчү жумушсуздук менен катар төмөндөгөнүн белгилешет.

Айрыкча бул 25 жашка чейинки Европанын түштүк тарабындагы өлкөлөрдө даана байкалат. Испанияда 2008-2011-жылдары жумушсуздуктун көрсөткүчү 8.3-11.3% жетип турганда төрөгөн аялдардын саны 8% чейин азайган. Бул көрсөткүч Венгрия, Ирландия, Хорватия жана Латвияда дагы байкалган. Чехия, Польша менен Улуу Британияда болсо төрөттүн көбөйүшү солгундаган. Ал эми кризисти жеңил көтөргөн Германия менен Швейцарияда демографиялык көрсөткүч өзгөргөн эмес. Экономика менен демографиялык көрсөткүчтүн түздөн-түз көрсөткүчү буга чейин айтылганы менен азырынча жалпы корутунду жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG