Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:20

ӨКМ Ошто сууга чөккөндөрдү куткаруу боюнча машыгуу өткөрдү


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык Куткаруу кызматынын өкүлдөрү сууда сүзүү эрежелери жана сууга чөккөн адамды куткаруу боюнча машыгуудан өттү. Аталган министрликтин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, быйыл Ош облусунда 8 адам сууга чөгүп каза тапкан. Алардын бешөө -балдар. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 8-июлда атайын жыйын өткөрүп, жыл башынан бери суудан ажал тапкандардын саны 57ни түзгөнүн билдирген. Кырсыктын алдын алуу чараларын күчөтүүнү талап кылган. (RK)

XS
SM
MD
LG