Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

Чүйдүн эки айылы ичкен сууга кара май төгүлдү


Чүйдүн Сосновка жана Талды-Булак айылдарына берилүүчү Кара-Балта суусуна 16 тонна кара май төгүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, бүгүн аталган эки айылдын тургундарына таза суу автоунаа менен жеткирилип берилет.

10-июлдун кечинде Бишкек - Ош унаа жолунун 96-чакырымында кырсык катталган. Кара май ташып бараткан унаа айдоочусу башкара албай калгандыктан Кара-Балта суусуна түшүп кеткен. Сосновка менен Талды-Булакка суу берүү токтотулган. Кырсыктаган унаанын айдоочусу аман-эсен. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG