Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

Косоводо серб эрегишчилерге мунапыс берилди


Косово парламенти серб козголоңчуларга мунапыс берген мыйзам кабыл алды. Ага ылайык, 2008-жылы Косовонун албан калктуу бөлүгү Сербиядан бөлүнүп чыккандан кийин улуттук өкмөткө каршы күрөшкөн жергиликтүү сербдер соттолбойт. Мыйзамга оппозициячыл “Эрктүүлүк” фракциясы гана каршы чыкты. Анын себебин партиянын башчысы Албин Курти: “Мунапыс Косовонун түндүгү куралсыздандырганга чейин күчүнө кирет. Бул аймакта бүтүндөй Косоводогудан көп каруу-жарак бар экенин унутпаңыз. Ошон үчүн адегенде аймак куралсыздандырылып, анан мунапыс берилиши керек”, - деп түшүндүрдү.

Жаңы мыйзам апрелде Белград-Приштина ортосундагы мамилени нормалдаштыруу боюнча Евробиримдиктин арачылыгы астында жетишилген келишимдин бир шарты. Береги келишим Сербиянын Евробиримдикке өтүүсү боюнча сүйлөшүүгө эшик ачып, Косовонун серб калктуу түндүк аймагына Приштинанын амири астына өтүүсүн мүмкүн кылуу керек. Ай башында косоволук сербрдер өз парламентин шайлап, ноябрда Косово өкмөтү өткөрчү жергиликтүү шайлоого катышпасын ишаара кылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG