Линктер

бейшемби, 19-январь, 2017 Бишкек убактысы 23:31

Иракта дагы 40 адамдын каны төгүлдү


11-июлда Багдаддын түштүк тарабындагы мунай заводуна жасалган чабуулда 11 киши, түндүгүндөгү Мукдабия шаарчасында машинеге коюлган бомбадан дагы 11 адам өлдү.

Тикрит шаарында жана Анбар провинциясындагы бомба чабуулдарынан 20 чакты адам апаат болгону маалымдалды.

Улуттар уюмунун билдиришинче, июнь айында согушчандардын чабуулдарынан 761 ирактык өлгөн. Бул 2006-2007-жылдардагы жаатташтык кездегиден алда канча аз. Ал жылдары ай сайын кээде согушчандардын зобун-зордугунан же чабуулунан 3 миңден ашуун адам набыт болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG