Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:52

Пакистанда кыздардын таламын жактаган профессорду атып кетишти


Пакистандын Белужистан провинциясында профессор Абдул Разакты белгисиз бирөөлөр атып кетти. Жергиликтүү полициянын кабарлашынча, Абдул Разактын мотоциклине учкашып бараткан кесиптеши октон жарадар болду.

Жергиликтүү университетте иштеген Абдул Разак кыздардын билим алуусун активдүү колдоп жүргөн. Кол салуу үчүн эч бир уюм жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

Белужистан провинциясында акыркы айларда суннилер жана шиитер ортосундагы жиктешүү өтө күчтүү. Ошондой эле провинциянын табигый байлыктарынан түшкөн кирешенин негизги бөлүгү жайында калыш керек деген улутчулдар да он жылдан ашуун мезгилден бери өтө активдүү.

XS
SM
MD
LG