Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:23

Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн шашылыш эскертүү таратты. Анда жакынкы күндөрү Кыргызстандын тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде жаан-чачындын айынан сел жүрүшү мүмкүн экени айтылат.

"14-16-июлда сел жүрүү коркунучу бар", - деп айтылат ӨКМ билдирүүсүндө.

Апта башында Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде катуу жаандан кийин сел жүрүп, жолдор жана бир нече үй жабыркаган болчу. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG