Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:29

Талас: Казакстанга кетчү суу каналы буулуп турат


Таластагы Көк-Сай айылында Казакстанды көздөй кеткен “Быстроток” сугат каналы дагы эле буулуп турат. Бул тууралуу "Азаттыкка" жергиликтүү активист Расул Насирдинов кабарлады. Анын айтымында, жергиликтүү тургундар мурункудай эле чек ара өзөн бойлото бөлүнүүсүн, коңшу өлкөнүн кыргыз тарапка кирип турган 13 чакырым шынаасынын алынышын талап кылууда. Насирдинов кошумчалагандай, жума күнү айылга казакстандык аксакалдар келип, сууну ачууну өтүнүштү. Бирок көксайлыктар коюлган талаптар аткарылмайын канал ачылбай турганын билдиришкен.

Бул канал 7-июлда буулган. Андагы суу чек араны бойлой бош агып, талаага сиңип кетип жатат.

Жергиликтүүлөр өкмөттөн кыргыз-казак чек арасындагы коңшу өлкөгө өтүп кетти делген 4,5 гектар жерди кайтаруу талабын коюп жатат. 8-июлда нааразы болгондор менен вице-премьер-министр Токон Мамытов жолугушуп, ал жер 2001-2008-жылдары эки өлкөнүн парламенттери тааныгандан кийин такталганын айткан болчу. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG