Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:39

Кара-Буурада чек ара боюнча элдик жыйын өттү


Жыйын райондун борбору Кызыл-Адыр айылында өттү. Ага, уюштуруучулардын айтымында, 300гө жакын адам, райондук бийлик өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча 100дүн тегерегинде киши катышты.

Жергиликтүү активист Расул Насирдиновдун “Азаттыкка” билдиришинче, жыйында Казакстанга өтүп кеткен жерлерди кайтарып алуу, аймактагы чек араларды бекемдөө маселелери каралды. Ошондой эле 7-июлдан бери буулуп турган Казакстанга сугат суу кетчү Көк-Сай айылындагы каналды талаптар аткарылмайынча ачпай туруу чечими кабыл алынды.

Насирдинов кошумчалагандай, ушул эле талаптарга байланыштуу кийинки аптада Талас шаарында курултай уюштурулмакчы. (BkA)

XS
SM
MD
LG