Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:25

Киркуктагы жардырууда 40ка чукул киши набыт болду


Ирактын түндүгүндөгү Киркук шаарында жанкечтинин кол салуусунан аз дегенде 38 кишинин өмүрү кыйылды. 12-июлдагы жардыруу мунайга бай, ар улуттун өкүлдөрү жашаган бул шаардагы киши көп кирген кафеде орун алды.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Бирок буга чейинки ушуга окшогон кан төгүүлөрдү "ал-Каида" менен алакасы бар сунни экстремисттерине байланыштырышкан.

Бириккен улуттар уюмунун эсебинде, Иракта басымдуу көпчүлүктү түзгөн шииттер менен сунни азчылыгынын ортосундагы кастыктан өткөн айда эле 760 кишинин каны төгүлдү.

XS
SM
MD
LG