Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:45

Ооган, Иран качкындары бараткан кайык чөгүп кетти


Австралиянын бийликтери билдиргендей, бул өлкөгө качкындарды алып бараткан кайык Индия мухитинде чөгүп кеткенде бир ымыркайдын сөөгү чыкты, дагы сегиз киши дайынсыз жоголууда.

Маалыматтарга караганда, 97 киши түшкөн кайык өткөн түнү Австралиянын жээгине чукул жайгашкан Крисмас аралынын жанында чөктү. Австралиянын ички иштер министри Жейсон Клэрдин айтымында, аман калган ооган, иран, шриланкалык 88 жаран Крисмас аралына кеме менен жеткирилди.

2007-жылдан бери Австралияга баратып, ушинтип кырсыкка учурагандардын саны миңден ашты. Алардын басымдуу бөлүгү Ооганстандын жана Жакынкы Чыгыштын жарандары.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG