Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:10

Сауд Арабия оорулууларга ажылыкка келбей туруу кеңешин берди


Вирус коркунучунан улам Сауд Арабия улуу жаштагы жана өнөкөт оорусу бар мусулмандарды быйыл ажылыкка келбөөгө кеңеш берди. МЕРС вирусунан бул өлкөдө былтыр сентябрдан бери 38 киши көз жумду.

Саламаттык сактоо министрлигинин сайтындагы билдирүүдө октябрдагы ажылыктан жана андан кийинки чакан зыяпаттардан иммунитети чабалдар, балдар менен кош бойлуу аялдар да баш тартканы туура экендиги айтылат. Билдирүүдө бул адамдарга виза берилбейт дегенди түшүндүрөөрү такталган жок.

Ажылыкка жыл сайын миллиондогон мусулмандар барат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Жер шарында МЕРСти жуктурган 80 адам катталып, 45и көз жумгандыгын маалымдаган. Вируска кабылгандардын жарымынан ашыгы көз жумса, бул өтө жогорку көрсөткүч болуп саналат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG