Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Нарын дарыясына агып кеткен 5 адам табыла элек


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 2-июлда Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын алты тургуну балык уулап жүрүп, Нарын дарыясынын Дүпкүр аймагында агып кеткен. Алардын бирин ошол күнү дарыя жээгинде жүргөндөр куткарып алган. Ал эми калган 5 адамдын дайыны белгисиз. Ал убакыттан бери сууга агып кеткендерди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана жакындары издеп жатышат. Бирок азырынча дарыя агызып кеткен 19-23 жаштагы беш бала табылбай жатат. (YA\BkA)

XS
SM
MD
LG