Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:24

Сот Турсунбек Акундун арызын карайт


Жогорку Кеңештин акыйкатчыны кызматтан алуу тууралуу токтомун жокко чыгарууну өтүнгөн Турсунбек Акундун арызын Бишкектин райондор аралык соту 16-июлда карай баштайт. Бул тууралуу Акун бүгүн "Азаттыкка" кабарлады. Анын айтымында, сот анын арызын 12-июлда өндүрүшкө алып, алгачкы соттук отурумдун мөөнөтүн белгилеген.

Арызда Турсунбек Акун Батукаев боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтык токтомундагы акыйкатчыны иштен алуу демилгеси тууралуу үчүнчү пунктун, ошол комиссиянын негизинде атайын комиссия түзүү чечимин жана Жогорку Кеңештин аны кызматтан алуу тууралуу токтомун жокко чыгарууну өтүнгөн.

Турсунбек Акунду кызматтан кетирүү тууралуу токтом Жогорку Кеңеште 27-июнда кабыл алынган.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG