Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:55

Журналист: Сноуден бардык «бомбасын» жардыра элек


Америкалык чалгын аналитигинен интервью алган журналист Эдвард Сноудендин колунда АКШны «өзгөчө бейпайга сала турган» маалыматтар бар экендигин айтып чыкты. «Гардиан» гезитинин кабарчысы Глен Гринвалддин аргентиналык гезитке билдиришинче, Сноуден «АКШ өкмөтүн көз ачып жумганча оңколото турган маалыматты» буга чейин ачыкка чыгарган эмес. Орусиянын баш калаасындагы Шереметьево аба бекетинде кала берип жаткан Сноуден Кремлден саясий баш калканч сураган. Ага мекенинде чыккынчылык боюнча айыптар коюлууда.

XS
SM
MD
LG