“Ата-Журт” партиясынын парламенттеги үч депутаты Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго чыгарылган сот чечимин жокко чыгаруу тууралуу Башкы прокуратуранын доо арызы 16-июлда Жогорку Сот тарабынан каралат. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы “Азаттыкка” маалымдады.
Белгилүү болгондой “Ата-Журт” партиясынын депутаттары Камчы Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду актаган чечимди Бишкек шаардык соту 17-июнда чыгарган. Ага чейин Биринчи Май райондук соту аларды күнөөлүү деп таап, 1 жылдан 1,5 жылга чейин эркинен ажыратууга өкүм кылган болчу.
Аталган үч депутат өткөн жылы 3-октябрда “Конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык жасаган”, “Бийликти күчтөп басып алууга аракеттенген” деген айып менен камакка алынышкан эле.(ZKo)