Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:44

Казандагы универсиадада Айсулуу Тыныбекова коло медалга жетишти


14-июлда Казанда эркин күрөш боюнча кыз-келиндердин таймашында Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекова орусиялык Жаралма Цыренованы 3:1 эсебинде утуп, коло байгеге жетишти. Бул ирет кыздардын эркин күрөшүндө Кыргызстандан универсиадага жалгыз Айсулуу Тыныбекова катышты.

Жигиттердин күч сынашуусунда жеңил салмакта Самат Надырбек уулу финалга чейин жетип, универсиада оюндарынын күмүш байгесине арзыган.

Бүгүн грек-рим күрөшү боюнча таймашуулар башталат. Анда Жанарбек Кенжеев, Атай Койчукулов, Элдияр Бегалиев, Мурат Романов баштаган спортчулар күч сынашат.

Казандагы универсиада оюндары 17-июлда жыйынтыкталат.
Универсиаданын тогуз күндүк мелдештеринин жыйынтыгында кыргызстандыктар 2 алтын, 2 күмүш, 7 коло медалы менен 162 мамлекеттин ичинде 24-орунда.(KMa/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG