Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

Израил Ирандын жаңы президентине ишенбейт


Израилдин премьер-министри Бенжамин Нетаньяху Ирандын жакында шайланган президенти Хасан Руханиге ишенбесин жекшембиде Си-Би-Эс телеканалында чыгып сүйлөгөн учурда билдирип, аны “кой терисин жамынган карышкыр” деп атады. Нетаньяху Иранды өзөктүк программасын токтотуунун ордуна тескерисинче, өзөктүк курал жасоого жакындап калды деп айыптады. Анын ою боюнча Ирандын өзөктүк программа тууралуу принциби жаңы президенттин шайланышы менен өзгөрүп кетүүсү кыйын. Израилдин премьер-министри эл аралык коомчулукту Иранга санкцияларды күчтөндүрүү өтүнүчү менен кайрылды.
Иран дайыма өзөктүк программасы тынч максатта гана иштеп жатканын бекемдеп келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG