Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:44

Эки аптада Коррупцияга каршы кызматка 114 арыз түштү


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматына соңку эки апта ичинде 114 арыз-даттануу келип түштү. Алардын көпчүлүгү жергиликтүү бийлик жана тартип коргоо органдарынын ишине байланыштуу. Ошондой эле жарандар медицина, билим берүү, сот, унаа тармактары боюнча да кайрылган.

Коррупцияга каршы кызмат мамлекеттен каржыланган мекемелердеги мыйзамсыз иштерди аныктоо максатында түзүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG