Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

Укук коргоочулар акыйкатчылыкка талапкерин көрсөттү


Укук коргоо жаатында иштеген 18 уюм бүгүн акыйкатчылык орунга өз талапкерин көрсөттү. Бул кызматка ылайыктуу деп көрсөтүлгөн адвокат Акылбек Ташбулатов боюнча атайын билдирүү тараткандар арасында белгилүү укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова, Светлана Баштовенко, Сахира Назарова жана башкалар бар.

27-июнда парламент Турсунбек Акунду акыйкатчылыктан алуу чечимин кабыл алган. Бул орунга сынак жарыялап, 15-августка чейин талапкерлерден документ кабыл алынаарын жарыялаган. Турсунбек Акун парламенттин бул чечими мыйзамсыз экенин айтып сотко кайрылды жана ордунда иштеп жатат.

Буга чейин акыйкатчылыкка талапкер катары адвокат Нурбек Токтакунов да көрсөтүлгөнү айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG