Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:10

Чек ара кызматына жаңы төрага дайындалды


Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагалыгына бүгүн президенттин жарлыгы менен Курманакун Матенов дайындалды. Буга чейин бул мекемени азыр өкмөттө күч түзүмдөрүнүн ишин көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр Токон Мамытов башкарып турган. Май айында Жети-Өгүз районунда Кумтөргө байланыштуу митингчилер менен милиция кагылышып, чыр чыкканда Токон Мамытов Чек ара кызматынан алынып, өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп бир нече күн иштеп турган.

Чек ара кызматынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, Курманакун Матенов бул мекемеде мурда да иштеп кеткен. Соңку мезгилде өкмөттүн аппаратында эмгектенип жаткан.

Кыргызстан эки коңшусу - Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арасын тактап бүтө элек. Мындан улам чек арада түрдүү чыр-чатактар көп катталат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG