Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Францияда 20дан ашуун эколог кармалды


Бүгүн Франциянын түштүк-чыгышында “Трикастин” АЭСине кирип барган Greenpeace уюмунун мүчөлөрү кармалды. Экологдор ал жакка “Трикастин: ядролук авария” жана “Франсуа Олланд – катастрофалардын президенти” деген жазуулары бар плакаттар менен чыгышкан.

Greenpeace уюму бул акция аркылуу ядролук объектилерге көңүл бургулары келгенин билдирди. Буга чейин уюм кайрылуу менен чыккан, анда “Трикастин” өлкөдөгү эң кооптуу атомдук электростанцияларга кирери айтылган.

Франциянын Ички иштер министрлиги активисттер бекем корголгон аймакка кире албаганын маалымдады. Акыркы жылдары аталган уюм франциялык АЭСтердин территориясында мындай акцияларды бир нече жолу өткөрүшкөн. (AiK)

XS
SM
MD
LG