Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Бангладеш: «Жамаат-и-ислам» партиясынын мурдагы лидери 90 жылга эркинен ажыратылды


Бангладеште сот «Жамаат-и-Ислам» исламчыл партиясынын мурдагы лидерин 90 жылга кести. Гулам Азам 1971-жылы Пакистандан көз карандысыз болуу аракетинен чыккан согуш учурунда аскердик кылмыштарды жасаганы үчүн күнөөлүү деп табылды. Прокурор ага өлүм жазасын сураган.

Азам беш эпизод боюнча күнөөлүү деп табылды, алардын арасында массалык киши өлтүрүү жана зордуктоо бар.

Сот өкүмүн атайын түзүлгөн трибунал чыгарды. Аталган трибунал согуш учурунда Пакистан менен кызматташуу учурларын иликтейт.

Өкүм чыгаардын алдында Бангладештин борбору Даккада жана башка шаарларда Гулам Азамдын тарапкерлери нааразылык акцияларына чыгышты. (AiK)

XS
SM
MD
LG