Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:35

Каирде толкундоолор уланууда


Египеттин борбор калаасы Каирде дүйшөмбү күнү кечинде полиция бийликтен кеткен президент Мухаммед Мурсинин тарапкерлери менен каршылаштарынын ортосунда кагылышууларды болтурбоо максатында көздөн жаш агызчу газ колдонду.

Бир аз баштараак АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Уильям Бернс Вашингтон Египеттеги аскерий бийликти саясий камактарга барбоого чакыраарын билдирген.

Дүйшөмбү күнү Египеттин убактылуу президенти Адли Мансур менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Бернс АКШ “Египетте демократиянын өнүгүшүнө кызыкдар” экенин баса белгиледи.

Мамкатчынын орунбасары АКШ эч бир тарапты, эч кайсы партияны же бир саясатчыны колдобоорун кошумчалады. Исламчыл фракция, “Мусулман агайындар” жана Мурсиге каршы реформисттер Бернс менен жолугушуудан баш тартышары уланууда. Вашингтон Мурсинин кулатылышын “төңкөрүш” деп атоодон карманып келет.

Уильям Бернс исламисттер колдогон Мурси бийликтен кулатылгандан кийин Египетке келген биринчи америкалык жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкер болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG