Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Жогорку Сот "Ата-Журтчу" депутаттардын ишин карайт


Бүгүн Жогорку Сот “Ата-Журт” партиясынын парламенттеги депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ишине байланыштуу Башкы прокуратуранын көзөмөл арызын карайт.

Башкы прокуратура кылмыш ишинде “тынч митингде курал алып жүргөнү үчүн депутаттар акталууга акысыз” деп маалымдаган. “Ата-Журт” партиясынын депутаты Талант Мамытовдун адвокаты Искендер Журабаев Баш прокурор белгилеп жаткан айыптоолор далилсиз, куралдар мыйзамдуу деп билдирүүдө.

17-июнда Бишкек шаардык соту “Ата-Журт” партиясынын депутаттарына байланыштуу Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, аларды толук актаган. Башкы прокуратура буга каршы доо арыз менен Жогорку Сотко кайрылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG