Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:32

Орусия менен Кытай Иран боюнча БУУнун отчетун колдогон жок


Анда Иран өзөктүк куралын сыноодо БУУнун санкцияларын бузган деп айтылган. Орусия менен Кытайдын каршы чыгуусу Иранга колдонулуучу эл аралык санкцияларды кеңейтүүгө азырынча жол бербейт. Австралиянын Улуттар уюмундагы элчиси, комитет төрагасы Гари Куинлан Иран Йемендик козголоңчуларга курал берүү менен санкцияларды бузду деген комитеттин чечимин Коопсуздук кеңеши колдобой койгонун билдирди.

Орусиянын БУУдагы элчисинин орун басары Петр Ильичов Орусия Иранга санкцияны мындан ары күчөтүүгө каршы экенин жана Ирандын өзөктүк программасы тууралуу маселени чечүүдө дипломаттык жолдон башка жолду көрбөй турганын айтты.

АКШ баштаган батыш өлкөлөрү Иранды өзөктүк программасы үчүн айыптап келишет. Иран болсо программа тынч максатта гана иштеп жатканын айтууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG