Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:17

Депутаттар соту: Соттук коллегия кеңешүүгө кетти


"Ата-Журт" партиясынын үч депутатынын адвокаттары келтирген өтүнүчкө байланыштуу бул ишти карап жаткан Жогорку Соттун соттук коллегиясы кеңешүүгө кетти. Жактоочу тарап ишке жаңы үч адвокат кошулганын жүйөө келтирип аларга иш менен толук таанышууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн убакыт сурады. Прокурорлор бул өтүнүчкө каршы чыкты.

Бүгүн Жогорку Сотто былтыр 3-октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен кармалган депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун соту башталды. Райондук сот аларды 1-1,5 жылга кескен. Бирок кийин шаардык сот актап, камактан чыгарган. Депутаттарга каршы кылмыш ишти козгогон Баш прокуратура шаардык соттун өкүмүнө байланыштуу көзөмөл арыз менен Жогорку Сотко кайрылган.(EBM/RK)

XS
SM
MD
LG