Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Ошто журналисттер чыр-чатакты туура чагылдырууну үйрөнөт


Ошто конфликттик темаларды туура чагылдырууну каалаган журналисттердин кесипкөйлүгүн арттырууга арналган жаңы долбоор иш баштады. Аны Оштогу Жалпыга маалымдоо каражаттарынын ресурстук борбору ишке ашырып жатат.

Долбоордун координатору Алла Пятибратова «Азаттыкка» билдиргендей, алдыдагы үч ай бою Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында иштеп жаткан журналисттерге конфликттик темаларда жазылган макалалар боюнча пресс-тур, талкуулар уюштурулат. Долбоордун алкагында журналисттер чыр-чатакка себеп болгон темаларда макала жазып, аны чечүүнүн жолдорун адистердин пикирлери менен коомчулукка сунушташат.

Иш-чарага каржылык колдоо АКШ элчилиги тарабынан Фулбрайт бирикмеси аркылуу көрсөтүлөт. Фулбрайт бирикмеси илим, билим берүү, маданият тармагында эл аралык программаларды ишке ашыруучу уюм болуп эсептелет. Аны америкалык коомдук ишмер Вильям Фулбрайт негиздеген.

Белгилей кетсек, жергиликтүү медиамекемелер тарабынан конфликтке сезимтал журналистикага багытталган долбоорлор буга чейин да Ошто бир канча жолу ишке ашырылган. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG