Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:29

Чек ара кызматы: Кармалган малчылардын биринде курал болгон


11-июлда Ысык-Көлдө казак чек арачылары тарабынан кармалган малчылардын биринин аңчылык мылтыгы болгон. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

Анын айтымында, 12-июлда Табылга деген аймактан чек араны бузду деп дагы бир кыргызстандык жаран жалгыз кармалган. Ал кишинин ким экени такталып, бүгүн Кыргызстанга өткөрүп алуу пландалып жатат.

Ал эми мурда тобу менен кармалган 8 жарандын биринен курал чыкканына байланыштуу сүйлөшүүлөр татаалыраак болушу мүмкүн.

“Бул боюнча казак тарап тергөө жүргүзүп жатат. Тергөө жыйынтыкталса аларды Кыргызстанга кайтарып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз”, - деди Бөрүбаева. (МТо)

XS
SM
MD
LG