Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Оор жүк ташуучулар митингге чыкты


Оор жүк ташыган айдоочулар бүгүн Ак үй алдына митингге чыкты. Нааразылык акциясына 20-30 киши катышты. Кыргыз-кытай чек арасы аркылуу Кыргызстанга өтүп келип жаткан кытайлык оор жүк ташуучу унаалардын үстүнөн мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү, унаа тармагына жетекчиликти партиялык принцип менен эмес, кесипкөйлүгүнө жараша тандоо керектиги айтылды. Айдоочулардын айтымында, көмүр ташыганга кытайлык унаа тартылып жаткандыктан жергиликтүүлөр ишсиз калууда. Ошондой эле тараза көзөмөл жаатында кызмат орундар коррупциялашканы да белгиленди. Митингчилер эгер алардын талабы аткарылбаса, жер-жерлерден оор жүк ташыган машиналарды айдап келип Ак үй алдына коюп коёорун айтышты.

Унаа жана байланыш министрлигинен "Азаттыкка" кабарлашкандай, бүгүн митингге чыккан айдоочулар менен кечээ жолугушуу өткөн. Алар коюп жаткан маселелер министрликтин ыйгарым укугунда эмес экени айтылган. (JJo/RK)

XS
SM
MD
LG