Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:46
Каракол шаарындагы зоопарк жардамга муктаж. Мындай пикирин бүгүн "Азаттыкка" укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди. Караколго иш боюнча барып зоопаркка да кире кеткен укук коргоочу андагы жаныбарлар жүдөгөн абалда экенин байкаган:

- Аюсу ыйлагандан башкага жарабай калыптыр. Карышкырлары көчөдөгү иттердей абалда экен. Мен ал жерде иштегендерди күнөөлөгүм келбейт. Бирок зоопарк деп атайын иштетип жаткандан кийин мамлекет жана жергиликтүү бийлик тарабынан көңүл бурулушу керек эле. Жаныбарларды кыйнап андай абалда коюп койгондун өзү туура эмес, - деди Абдирасулова.

Зоопарктын жетекчилиги "Азаттыкка" маегинде жаныбарлар маалы менен тамактанаарын, жыдып жатканы табиятта жайында болчу кадыресе көрүнүш экенин, себеби андан кийин жаңы түк чыгаарын билдирди. Бирок кошумча жардам эч убакта ашыкча болбосун айтты.

Каракол зоопаркынын директору Салтанат Сеитованын айтымында, учурда ал жерде 33 түрдөгү 133 жаныбар бар. Аларды 15 киши тейлейт. Зоопарк мамлекетке карабайт. Соңку бир нече жылдан бери жаныбарлардын тамак-ашына жана тейлөөгө каражатты Германиянын НАБУ уюму берип келген. Быйыл күзүндө алардын долбоору аяктайт. Каржылоого билет сатуудан түшкөн акча да кирет. Бир билеттин баасы 50 сом. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG