Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:02

Каирде жети адам каза болду


Египеттин борбору Каирде өткөн түнү толкундоолор уланып, жети адам каза тапты, 250дөн ашуун адам жараат алды. Бул тууралуу коопсуздук кызматы жана дарыгерлер кабарлашты.

Полиция бийликтен кеткен президент Мухаммед Мурсинин тарапкерлери менен каршылаштарынын ортосунда кагылышууларды болтурбоо максатында көздөн жаш агызчу газ колдонду, демонстранттар болсо полицияга таш ыргытты.
Башаламандыктар кечээ айрым митингчилер Нил аркылуу өткөн көпүрөнү бууп салганда чыккан.

Бир аз баштараак АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Уильям Бөрнс Вашингтон Египеттеги аскерий бийликти саясий камактарга барбоого чакырарын билдирген.

Дүйшөмбү күнү Египеттин убактылуу президенти Адли Мансур менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Бөрнс АКШ “Египетте демократиянын өнүгүшүнө кызыкдар” экенин баса белгиледи. Мамкатчынын орун басары АКШ эч бир тарапты, эч кайсы партияны же бир саясатчыны колдобоорун кошумчалады. Исламчыл фракция, “Мусулман агайындар” жана Мурсиге каршы реформисттер Бөрнс менен жолугушуудан баш тартышары уланууда. Вашингтон Мурсинин кулатылышын “төңкөрүш” деп атоодон карманып келет.

Уильям Бөрнс исламисттер колдогон Мурси бийликтен кулатылгандан кийин Египетке келген биринчи америкалык жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкер болду. (AiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG