Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:17

Сноудендин утурумдук башпаанек боюнча арызы кабыл алынды


Федералдык миграция кызматы АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден Орусиядан утурумдук башпаанек сурап арыз жазганын тастыктады. Кызматтын жетекчиси Константин Ромадоновский Сноудендендин арызы мыйзамга ылайык үч айда каралышы керектигин кошумчалады.

Сноуден "Шереметьево" аэропортунун транзиттик бөлүмүнөн чыга албагандыгына байланыштуу ал жакка миграция кызматынан адам жөнөтүлгөн.

Утурумдук башпаанек бир жылга берилет жана аны жыл сайын жаңыртса болот.

Орусиянын президенти Владимир Путин мунун алдында эгер Сноуден АКШ бийлигине каршы ишин токтотсо, ага саясий башпаанек берүүгө даяр экенин билдирген.

АКШнын жашыруун электрондук көзөмөлдөө программасын ашкере кылды деп мекенинде айыпталып жаткан Эдвард Сноуден акыркы үч аптадан бери Москвадагы “Шереметьево” аэропортунда турат. (AiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG