Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

АКШ Сноуденди талап кылууда


Ак үйдүн өкүлү Жей Карни шейшембиде Эдвард Сноуден АКШга кайтарылууга тийиштигин билдирди:

- Сноуден Америкага кайтарылууга тийиш. Ага андан ары саякаттоого уруксат берилбеши керек. Ал адам укугунун активдүү коргоочусу эмес жана саясий диссидент да эмес. Ал АКШ өкмөтүнүн менчигин уурдаганы жана жашыруун сырды ачыкка чыгарганы үчүн сот жообуна тартылуусу керек.

Орусиянын федералдык миграция кызматы кечээ Сноуден башпаанек сурап, расмий кайрылганын, анын өтүнүчү алдыдагы үч ай ичинде караларын билдирген. Орусиянын президенти Владимир Путин мурдараак эгер Сноуден АКШ бийлигине каршы ишин токтотсо, ага саясий башпаанек берүүгө даяр экенин айткан.

АКШнын жашыруун электрондук көзөмөлдөө программасын ашкере кылды деп мекенинде айыпталып жаткан Эдвард Сноуден акыркы үч аптадан бери Москвадагы “Шереметьево” аэропортунда турат. АКШ анын америкалык паспортун жокко чыгарып салган.

XS
SM
MD
LG