Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Италия өкмөтү Шалабаеванын депортацияланышын иликтөөдө


Казак диссиденти Мухтар Аблязовдун жубайы өлкөдөн туура эмес чыгарылганына байланыштуу Италиянын Ички иштер министрлигинин кызматкери Жузеппе Прокаччини кызматынан кетти. Өткөн жума күнү Италия өкмөтү Алма Шалабаеваны алты жашар кызы менен кармоого жана өлкөдөн чыгарууга полициянын укугу болбогонун мойнуна алган болчу. Өкмөттүн маалыматында алар өлкөдөн чыгарылганга чейин Ички иштер министри Анжелино Альфаного депортация тууралуу маалымат берилген эмес деп айтылат.
Италия оппозициясы бул иш боюнча Ички иштер министринин кызматтан кетүүсүн талап кылууда.

XS
SM
MD
LG