Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Эки жүздөй жол кайгуулчу сынактан өтпөй калды


Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери, Бишкек, 22-июль, 2012.
Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери, Бишкек, 22-июль, 2012.

Жол кайгуул кызматындагы аттестациядан өтпөй калгандардын бир тобу сынак мыйзам бузуу менен коштолду деп даттанууда.

Бирок мындай сындарга жол коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыктын башчысы Талант Исаев макул эмес. Аттестациядан кулагандардын айрымдары болсо сынак одоно мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн белгилеп, президент Алмазбек Атамбаев менен башкы прокурор Аида Саляновадан бул маселени териштирүүнү өтүнүп кайрылышты.

Тапанча ата албаган маичилер

МАИчилерди иргеп алуу сынагына республика боюнча 900дөй адам катышып, анын 200дөйү өтпөй калган. Сынак-аттестациялоо комиссиясынын мүчөсү, укук коргоочу Калича Умуралиеванын айтымында, МАИчилердин нормативдик-укуктук актыларды билбей турганы, дене тарбия даярдыгынан аксаары аныкталган. Ошондой эле теңинен көбү тапанча ата албай турганы белгилүү болгон.

15 мүнөттүн ичинде ар кандай суроолор берилди. Малайзиянын борбору кайсы шаар? - дегендей суроолор да болду. Менимче, жол кайгуул инспекторунун ишине муну билбей калгандык таасир этпейт деп ойлойм. "Рим папасы ким?" - деген суроонун да кандай тиешеси бар.
Тынай Дүйшекеев

Ошентсе да аттестациядан кулагандардын айрымдары сынакта коррупциялык көрүнүштөр орун алганын, одоно мыйзам бузуулар болуп, адамдардын укугу бузулганын белгилеп жатышат.

Бишкек шаардык жол коопсуздугу башкармалыгынын мурдагы башчысы Касымбек Раимкул уулу болсо аттестация нормативдик-укуктук актыларды бузуу менен өттү деп эсептейт:

- Азыркы аттестация легитимсиз болуп эсептелет. 20-22 балл алгандар бардык сынактан өтүп келсе, аягында комиссия мүчөлөрү кол көтөрүп өткөрбөй коюп жатпайбы. Эми алар балким ички иштер министри, балким мамлекет башчы аттестация туура эмес өткөндүгүнө көңүл буруп, кайра калыбына келтирет деген максатта кайрылып жатышат.

Жылдагыдай эле даярданбай бардыгынан акчанын күчү менен өтөбүз дегендери быйыл ишке ашпай калды. Бардыгынын сынакты кантип тапшырганы, суроолорго кандай жооп бергени видеого тартылган.
Талант Исаев

Сынак катышуучулары эң төмөнкү 21 балл топтошу керек эле. МАИчилер нормативдик-укуктук актылар, жол эрежелери, дене тарбиядан сынак тапшырышты. Мындан сырткары бир катар логикалык суроолор берилген. Комиссия мүчөлөрү катышуучулардын жообунан сырткары алардын жүрүм-туруму менен мурда иштеп кеткен жолун да эске алышыптыр. Ишинде үлгү көрсөтө албаган, жүрүм-туруму үчүн кызматтан айдалгандар сынактан өткөрүлгөн эмес.

Ошондой эле 22 балл алып, аттестациядан өтпөй калган Тынай Дүйшекеев 200гө жакын адамдын укугу бузулганын белгилөөдө:

-15 мүнөттүн ичинде ар кандай суроолор берилди. Малайзиянын борбору кайсы шаар? - дегендей суроолор да болду. Менимче, жол кайгуул инспекторунун ишине муну билбей калгандык таасир этпейт деп ойлойм. "Рим папасы ким?" - деген суроонун да кандай тиешеси бар. Бейөкмөт уюмдун бир өкүлү болсо “силер дайыма менин жолдошумду токтотосуңар?” - деген суроо берди. Бул эмне деген суроо? Бул аттестация эмес да. Алар үй-бүлөлүк мамилелерин териштиргени келишкен жок да. Макул биз аксак-тескек, семиз бололу. Биздин эч кимге керегибиз жок болуп калды, жумуш да сунушталган жок. Эң төмөнкү балл 21 болсо, 17-18 балл менен ошол эле Исаев айткан семиздер, аксактар өтүп кетип жатпайбы. Ошол өкүндүрөт...

"Акча менен өтөбүз дегендердин тилеги таш капты"

Маалыматка ылайык, сынакка катышкандардын арасында пара берип да өтпөй калгандар болуптур. Кулагандар арасында МАИ башчысы Исаев көрсөткөн адамдар гана өттү дегендер да жок эмес. Бирок мындай сындарга Жол коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыктын башчысы Талант Исаев макул эмес.

- Өтпөй калгандарына ичтери күйүп жатат да. Бир жыл бою аттестация болот, даярдангыла деп айтып келаттык. Жылдагыдай эле даярданбай бардыгынан акчанын күчү менен өтөбүз дегендери быйыл ишке ашпай калды. Бардыгынын сынакты кантип тапшырганы, суроолорго кандай жооп бергени видеого тартылган. Аттестация маалында кайсы бир инспекторду колдоп: "иним болот эле, тууганым болот эле, кудам болот эле", - деп кызматка алууну суранган министр, депутаттар баш болгон таасирдүү ишмерлер көп болду.

Укук коргоочу, сынак-аттестациялык комиссиянын мүчөсү Калича Умуралиева аттестация көптөн бери сөз болуп, ишке ашпай жаткан реформага түрткү болот деп ишенет:

- Акча берип өтпөй калып, эми нааразы болуп жатышат. Акча бербегендер өтүп атат. Бул аттестация жакшыбы же жаманбы? 10 суроонун төртөөсүнө жооп бере албаган адам бул кызматка татыктуубу? Ал тургай айдоочу күбөлүгүн алмакчы болгон адам жол эрежелери боюнча он суроонун экөөсүнө жооп бере албай калса өтпөй калат. Ал эми булар ушул тармакта иштейт. Бардыгы тегиз, мыкты болду деп айта албайм. Бирок суроолору, уюштуруу принциптери туура болгон. Азыр калган орундарга да сынак өткөрүп жатабыз. Андай болсо ошого катышып өтүшсүн, дагы бир мүмкүнчүлүк жаралууда. Бул аттестация реформага түрткү болот деп ойлойм.

2010-жылы бийликке келген жаңы өкмөт күч органдарын реформалоону максат кылган. Мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабанов тартип коргоо органдарын тазалоону МАИ кызматкерлеринен баштайм деп сөз берип, бирок аягына чыкпай калган эле.

XS
SM
MD
LG