Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

"Ата-Журттун" журналистке кол салган тарапкерлери күнөөсүн моюнуна алды


Журналистке кол салып, анын кийимин айрып койгон "Ата-Журт" партиясынын үч тарапкери күнөөсүн моюнуна алып, кылган ишине өкүнүп жатканын сотто айтты. Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Үч жаран кечээ камакка алынган. Биринчи Май райондук соту алардын бири 47 жаштагы Ч.Байзакованы үч суткага камоо, 50 жаштагы К.Ташиеваны 300 сомго жана 35 жаштагы М.Садыкеевди 100 сомго айыпка жыгуу чечимин кабыл алды.

Кечээ Жогорку Сотто "Ата-Журт" партиясынын үч депутаты Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго карата козголгон кылмыш иштин негизинде чыгарылган соттун актоо өкүмү боюнча прокурорлордун көзөмөл арызы каралмак. Депутаттар бийликти басып алууга аракет жасаган деп айыпталган болчу.

Сот жыйынын чагылдыруу үчүн барган vof.kg сайтынын кабарчысы Рысбек Токтоналиевге кол салганы үчүн соттолуучулардын 2-3 тарапкери кармалган. (RK)

XS
SM
MD
LG