Токтогул районунун Торкент айылында бүгүн жаңы сугат канал ишке берилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Каналдын ачылыш салтанатына бул күндөрү Жалал-Абадда иш сапарда жүргөн вице-премьер-министр Таирбек Сарпашев катышты.
Каналды курууга 53 миллион сом сарпталды. Жер-жемиш өстүрүлө турган 970 гектар жер эми маалы менен сугарылып турат.
Вице-премьер Сарпашев жергилкитүү бийлик системасын реформалоо боюнча өкмөт сунуштап жаткан мыйзам долбоорун эл менен талкуулоо үчүн облустун дээрлик баардык райондорун кыдырып чыкты. (RK)