Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:05

Алайда чек арачынын эстелиги калыбына келтирилди


Алай районунун Чыйырчык айылында 40 жыл мурун курулган чек арачынын эстелиги оңдолуп, түзөлүп, кооздолду. Эстеликтин алдына Кыргызстандын чек ара белгиси коюлуп, “Карегимде мекен чеги” деген жазуу чегилди.

Чек арачынын эстелигин калыбына келтирүү демилгесин Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча аймактык чек ара башкармалыгынын зардалы, полковник Абдикарим Алимбаев көтөрүп чыккан.

Эстеликтин ачылышына чек арачылар, ардагерлер, жергиликтүү тургундар, район активдери жана өкмөттүн облустагы өкүлүнүн аппаратынан адамдар катышты.

Чек арачынын эстелиги убагында скульптор Хеидзе Давид тарабынан жасалган. Архивдик документтерге ылайык, эстелик 1972-жылы Катта-Талдык айылына тургузулуп, эки жылдан кийин Чыйырчык айылына которулган. Советтер Союзу учурунда дал ушул эстелик турган жерден чек ара зонасы башталган. (ErN/RK).

XS
SM
MD
LG